16
Ысык суунун агызылышы
• Шайман колдонууга даяр бекен деп ар дайым текшериш керек.
• Суу чоргосу биликке тагылганын текшериңиз (Сүрөт 6).
• Чоргонун астына идиш коюңуз.
• (B11) бассаңыз, дисплейге деп чыгат, ырастоо үчүн
(B7) дегенди басыңыз.
Дисплей деп көрсөтөт да, чоргодон ысык суу агып чыгып, ылдыйкы идишти
толтурат (Ысык сууну бир жолкусунда 2 мүнөттөн ашык агызбаңыз). Агымды токтотуу үчүн
(B11) топчусун басыңыз. Мурда коюлган өлчөмдөгү суу куюлуп бүткөндө автоматтык
түрдө акпай калат.
Капучино кайнатуу
• Капучино жасаганга колдонгуңуз келген кофенин даамын тандаганга бул топчуну
урунуңуз: (B3).
• Сүт идишинин капкагын ачыңыз.
• Кканча капучино жасаганы жатсаңыз, сүт идишине ар бири үчүн болжол менен 100 мл
сүт куюңуз (Сүрөт 22), мында идиштеги MAX сызыгынан (болж. 750 мл) өтпөш керек.
Баарынан жакшысы - муздаткыч температурасындагы (5°C чамалуу) тартылган же чала
тартылган сүт.
• Сүт кире турган түтүк желим жуугучка (23-сүрөт) туура киргизилгенин текшерип, андан
соң сүт идишинин капкагын кайра коюңуз.
• Сүт көбүрткүчтүн көрсөткүчүн (C1) сүт идишинин капкагына басылган жана
сөздөрүнүн ортосуна жайгаштырыңыз. Канча көбүк болушу керектигин
ылайыктаса болот: көбүгү азыраак болушу үчүн көрсөткүчтү сөзүн көздөй
жылдырыңыз. Тескерисинче, көрсөткүчтү дегенди көздөй жылдырса, көбүк
койуураак болот.
A. Көбүк ЖОК
B. Азыраак көбүк
C. Көрсөткүч
D. Көбүрөөк көбүк
• Ысык суу чоргосун (Сүрөт 6) чыгарып, сүт идишин биликке тагыңыз (Сүрөт 24).
• Сүт чоргосун жогоруда сүрөттөлгөндөй жылдырып, кофе чоргосунун жана сүт чоргосунун
алдына жетишерлик чоң чыны коюңуз.
• (B10) топчусун басыңыз. Дисплейге деп жазылып, бир-эки секунддан
кийин сүт чоргосунан көбүртүлгөн сүт куюлуп, чынынын түбүнө толот. (Сүттүн агышы
автоматтык түрдө токтоп,
• кофе куюла баштайт).
• Эми капучино даяр: даамына жараша кант кошуп, кааласаңыз, көбүктүн үстүнө какао
күлмайдасын сээп коюңуз.
Көңүл буруңуз:
• Шайман өчүп турганда эч качан мурда майдаланган кофе кошпоңуз, себеби анда ичине
чачылып кетиши мүмкүн.
•
Эч качан 1 күрөкчөдөн ашык кошпоңуз, антпесе шайман кофе даярдабайт.
• Берилген күрөкчөнү гана урунуңуз.
• Эспрессо кофе шаймандары үчүн мурда майдаланган кофе гана колдонуңуз.
• Тартылган кофеден бир күрөкчөдөн көп кофе кошуп алсаңыз жана жолчо бөгөлүп калса,
к
офени жолчодон кетиргенге абайлап бычак колдонуңуз (Сүрөт 20), андан соң кайнатуу
бөлүгүн жана шайманды Кайнатуу бөлүгүн тазалоо абзацында сүрөттөлгөндөй кылып
чыгарып, тазалаңыз.
Kommentare zu diesen Handbüchern